Ысык-Көл райондук сотунун 3-июлдагы чечимине ылайык, кримтөбөл катары таанымал Эркин Мамбеталиев тогуз жылга эркинен ажыратылганы 8-августта белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Соттун маалыматына ылайык, Мамбеталиев Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин (“Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”) 2-бөлүгү жана 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бирок бул эпизод боюнча жаза мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.
Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси менен (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. 261-беренесинин (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) 2-бөлүгү боюнча дагы күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.
Жогорудагы жазалардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине (“Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо”) ылайык, жаза мөөнөттөрү жарым-жартылай кошулуп, жалпы тогуз жылга кесилди. Ал мүлкүн конфискациялоо менен жана белгилүү кызматтарды ээлөөдөн же белгилүү ишмердүүлүк менен алектенүүдөн үч жылга ажыратылды. Жазасын катуу тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт. Жаза мөөнөтү 2024-жылдын 10-августунан тарта эсептелет.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2024-жылдын август айында кармаган. Атайын кызмат ал убагында кримтөбөл Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болуп, алардын колдоосу менен коммерциялык жеке маселелерин чечкени аныкталганын билдирген.
Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Былтыр 25-сентябрда атайын кызмат Эркин Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдаган.
Башкы прокуратура жакында эле жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Эркин Мамбеталиевге каршы мурда козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн Жогорку сотко жөнөткөн. Көзөмөл органы муну менен Жогорку соттун буга чейинки 2009, 2010 жана 2011-жылдардагы токтомдорун жокко чыгарууну өтүнгөн.
Эркин Мамбеталиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен бир катар оор кылмыштарга айыпталып, аны өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан өкүмдөр да чыккан. Бирок сот чечими менен өкүмдөр жокко чыгарылып, бошотулган.
Эркин Мамбеталиевдин адвокаттары, жакындары Башкы прокуратуранын соңку билдирүүсү жана Ысык-Көл райондук сотуна өткөн иши боюнча комментарий бере элек. Ал өзү азыр тергөө абагында кармалууда. (TSh)
Шерине