Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Чүйдө жергиликтүү кеңештин мурдагы жана азыркы депутаты кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жер сатуу ишине байланыштуу Васильевка айылынын жергиликтүү кеңешинин мурдагы жана азыркы депутаттары кармалганын кабарлады.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 6-августта Чүйдүн Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында комиссия түзүлүп, Василевка айылынын №578, 569, 569*, 580, 580* контурларда текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында айыл чарба багытындагы “айдоо” жана “жайыт” жерлерге бир катар мыйзамсыз курулуштар түшкөнү аныкталган.

Бул факты боюнча Аламүдүн райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси – “Жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу жана курулуш жүргүзүү” менен кылмыш иши козгогон. Тергөөдө жерлерге айрым депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз документтерди даярдап, курулуш жүргүзүүгө уруксат бергени такталган.

Бул кылмыш ишине шек саналып Васильевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Ш.И. жана айылдык кеңештин мурдагы депутаты А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG