Журналист Бакыт Орунбековдун Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү саясий ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазган “Көк жал” киноповести атайын китеп болуп жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” автор өзү билдирди.
Ушундай аталыш менен жыйналган топтомго автордун акыркы жылдары жазган башка эмгектери да кирди. Анын ичинде Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы көйгөйлүү, урунттуу окуялар, анын тарыхына байланышкан ар тараптуу иликтөөлөр, макала-баяндары кошулду. Китепте мындан сырткары Кыргызстандын тарыхы, тагдыры менен киндиктеш өмүр кечирген белгилүү башка инсандар жөнүндө очерк-портреттер берилди.
“Көк жал” повестинде Жусуп Абдрахмановдун СССР түптөлүп жаткан кездеги коомдук-саясий ишмердиги, Тоолуу кыргыз, Кара кыргыз, кийин Кыргыз автоном облусун түзүү боюнча башкалар менен чогуу жүргүзгөн аракеттери, анын жеке жашоосу, кийин репрессияга тартылышы жана башка жагдайлар баяндалган.
Повесттин негизинде 2020-жылы “Жусуп Абдрахманов” аттуу документалдуу фильм тартылган. Анын режиссёру - Эрнест Абдыжапаров.
Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Орусия империясынын Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей кыштоосунда (азыркы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылы) туулган. Падышалык бийлик кулап, Орусия империясынын алкагында СССР негизделген маалда Абдрахманов анын курамында кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган.
Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган айыптар тагылып камалган. Ал 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Сөөгү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдар менен бирге коюлган.
Жусуп Абдрахмановдун өзүнүн күндөлүгү, саясий билдирүүлөрү архивдерде сакталып калып, Кыргызстан эгемендик алган соң китеп болуп жарык көргөн. Кийин тарыхчылар жана башка изилдөөчүлөр Абдрахмановдун ишмердиги жана жашоосу жөнүндө бир нече изилдөөлөрдү жарыялашкан.
Белгилүү журналист, саясий илимдердин кандидаты, коомдук ишмер Бакыт Орунбековдун “Чайпалган Кыргызстан” (2009), “Көп партиялуулук жана парламентаризм келечеги” (2011), “Карбоз ата жана бабалары” (2014), “Бөлүнгөн кыргыз” (2014), “Менин тагдырымдагы инсандар” (2020) китептери жарык көргөн. Мындан сырткары “Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” (2023) маектер топтомун жыйнак кылып чыгарып, башкалар менен авторлоштукта “Эркин Тоо” гезитинин тарыхы (1924-2024)” (2025) китебинин 3 томдугун чыгарган. (ErN)
Шерине