Эл аралык тестирлөө агенттиги (International Testing Agency - ITA) Париж Олимпиадасынын чемпиону Лазизбек Муллажоновдун допинг-тестинен тыюу салынган заттар табылганын билдирди.
World Boxing уюму үчүн көз карандысыз антидопинг программасын жүргүзгөн ITA уюму 2025-жылдын 11-июнунда мушкерден алынган "А" үлгүсүндөгү тесттен метастерондун метаболиттери чыкканын маалымдады. Бул зат - чыдамкайлыкты күчөтүп, булчуң массасын көбөйтүүгө жардам берген стероид.
ITA бул тууралуу спортчуга кабарлаган. Муллажонов тесттин "Б" үлгүсүн текшертүүгө укуктуу. Эгер андан дагы тыюу залынган зат чыкса же мушкер аны текшертүүдөн баш тартса антидопинг эрежелерин бузуу болуп эсептелет. Мушкер бардык мелдештерден четтетилет.
Азыркы учурда Муллажонов убактылуу чектөөгө дуушар болду.
Оор салмактагы мушкер Лазизбек Муллажонов 2024-жылы Париж Олимпиадасында алтын медаль уткан. Финалга чейин казакстандык Айбек Оралбайды жеңген. 2022-жылы Азия чемпионатынын чечүүчү беттешинде дагы бир казакстандык Камшыбек Кункабаевди уткан.
Шерине