Тайланддын премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Пхумтам Вечаячай менен Камбоджанын өкмөт башчысы Хум Манет ок атышууну токтотууну макулдашты.
Тараптардын жолугушуусу Малайзияда 28-июлда бул өлкөнүн премьер-министри Анвар Ибрагимдин ортомчулугу астында өттү. Ал макулдашуу 29-июлга караган түнү күчүнө кирерин билдирди.
Эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу кагылыш 24-июлда башталып, беш күнгө созулду жана соңку он жылдан берки эң ири кандуу окуя болуп калды.
Тайланддын армиясынын маалыматына караганда, анда 20 адам мерт болду, алардын алтоо жоокер, калган 14ү жайкын тургундар.
Камбоджанын Коргоо министрлиги жаңжалда бери дегенде 13 киши мерт болгонун, алардын сегизи жайкын тургундар экенин билдирген. Маалыматтарга караганда, дагы 70тен ашык адам жараат алды. Чыр чыккан аймактардан он миңдеген киши эвакуацияланган.
Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери эле Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.
БУУнун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.
Шерине