Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий Париж Палестина мамлекетин тааный турганын сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жыйынында жарыяларын билдирди. Ал бул тууралуу Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды жана Палестинанын башчысы Махмуд Аббаска жолдогон катын кошо тиркеди.
“Жакынкы Чыгыштагы адилет жана бекем тынчтыкты камсыз кылуудагы өзүмдүн тарыхый милдеттемеме бекем туруудан улам мен Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алдым. Мен бул тууралуу сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында салтанаттуу түрдө жарыялайм”,-деп жазды Макрон.
Ал ошондой эле согушту чукул арада токтотуп, туткундардын баарын бошотуп, Газадагы элге көлөмдүү гуманитардык жардам көрсөтүлүшү керектигин, ХАМАСтын демилитаризациясын камсыздап, Газаны калыбына келтирүү зарылдыгын кошумчалады.
Палестинанын жетекчилери Макрондун чечимин кубатташты.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху болсо бул кадам ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуусунан кийин “террорду сыйлоо” болорун билдирди.
Учурда Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 140тан ашыгы тааныган. Алардын арасында Орусия, Кытай жана Европа Биримдигиндеги Испания, Польша өңдүү мамлекеттер бар.
Британия менен АКШ палестиналык мамлекетти тааныган эмес.
Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жумага караган түнү Макрондун мындай планын караманча четке кагышарын жарыялады.
Шерине