Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.

“Жалпы жонунан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерилип, алардын ичинен 37си (31,6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Калган 80 клиниканын (68,4%) лицензиясы болгону менен лицензиялык талаптар бузулган учурлар катталган. Бардык мыйзам бузууларга байланыштуу административдик чара колдонулду. Салынган айып пул 4,5 миллион сомдон ашты. Жыйынтыгында 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду. Лицензиясы жок мыйзамсыз медициналык ишмердик жүргүзгөн 37 учур боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мекеменин мыйзам бузган жеке менчик клиникаларды көзөмөлдөөсү кыйын болуп жатканын билдирген. Мындай ооруканалар бейтаптарга дарылоонун далилденбеген ыкмаларын колдонгону, окутуу боюнча гана лицензия алып, бейтаптарды кадимки шартта дарылап иштегендери да катталганын маалымдаган.

Былтыр ноябрда ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2080 жеке менчик клиниканын лицензиясы жок экенин, алардын ишмердигин текшерүүгө тыюу салынганын билдирген.

Кыргызстанда лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөн клиникаларга кайрылып, бейтаптар майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG