Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди. Ага буга чейин кылмыштуу кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топту каржылоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, камалганын, бирок былтыр жыл аягында эч кайда кетпөө шарты менен абактан чыгарылгандан кийин бул талапты бир нече жолу бузганын маалымдады.
"2024-жылдын декабрь айында айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөрүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган. Айыпталуучу бул шартты бир нече жолу бузган. Ушундан улам айыпталуучу А.Ж.С. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен №21 абакка камалды”,-деп жазылган маалыматта.
УКМК Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров экөөнү былтыр августта кармаган. Аларга кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыш топторун каржылоого байланыштуу кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат экөө тең “Салимбай байбача” жана атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгонун билдирген.
Атайын кызмат бул иштин тергелиши, айыпталуучулар тууралуу андан кийин маалымат берген эмес.
УКМК былтыр мартта Салим Абдувалиевге эл аралык издөө жарыялаган.
2018-жылдын башында Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаровдун Абдувалиевге жолукканы тартылган видео тараган.
Тасмада "Абдувалиев - Кыргызстандын тиреги, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт" деген мазмундагы мактаган сөздөр айтылган.
Ишкер менен экс-депутаттын камалышы тууралуу алардын жакындары, жактоочулары эч кандай комментарий берген эмес.
Шерине