Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 24-июлда Бишкекте Кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолукту.
Кыргыз өкмөтү анда тараптар соода-экономикалык алака-катышты талкуулаганын билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн соода жүгүртүсү былтыр 23 миллиард долларга жеткени белгиленди.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда кытайлык салымы бар миңдеген компания иштеп жатканына, алардын экономикага салымы чоңдугуна токтолду.
"Кыргызстанда кытайлык капиталдын катышуусунда үч миңден ашык компания катталган. Бул ишканалар экономикабыздын негизги тармактарын – соода, курулуш, тоо-кен жана өндүрүш, айыл чарба, туризм, логистика жана тейлөө тармактарын камтыйт. Кытай бизнесинин мындай кеңири катышуусу биздин экономикалык өз ара аракетибиздин жогорку деңгээлин ачык-айкын чагылдырат жана масштабдуу демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөт",-деген Төрөбаев.
Жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу дагы сөз болгон.
Чжао Лэцзи Кыргызстанга 23-июлда иш сапар менен келген. Аны менен президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган өлкө жетекчилери да жолукту.
Шерине