Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды


Казакстанда дагы дарыгерлер сабалган учурлар көбөйдү.
Казакстанда дагы дарыгерлер сабалган учурлар көбөйдү.

Казакстанда дарыгерлерди, медициналык кызматкерлерди сабап, кол көтөргөндөрдү 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам долбоор иштелип чыкты.

Документти Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери менен Башкы прокуратура даярдаган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова 24-июлда брифингде кабарлады.

Долбоорду сентябрда парламент жайкы тыныгуудан кийин карайт.

Мунун алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дарыгерлерге кол салып, сабагандарга жазаны катаалдатууну тапшырганы белгилүү болгон.

Коңшу өлкөдө дагы акыркы кезде дарыгерлер сабалган учурлар көбөйдү.

Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы бар.

Ушул айда эле Улуттук госпиталдын дарыгерлери сабалган эки окуя катталган. Мындан улам аталган оорукананын жамааты айрыкча күч түзүмүнүн кол көтөргөн кызматкерлери жазасыз калып жатканын, жогорку кызмат адамдардын жоопкерчилиги каралбай калганын айтып бийликке кайрылган.

Дарыгерлердин бул билдирүүсүнө бийлик башчылары азырынча үн ката элек.

Дагы караңыз


Шерине

XS
SM
MD
LG