Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Амур облусунда 40тан ашык жүргүнчүсү бар Ан-24 учагы кыйрады


Учак токойго, барууга татаал жерге кулаган.
Учак токойго, барууга татаал жерге кулаган.

Орусиянын Амур облусундагы Тында шаарына жакын аймакта Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак кыйрады.

Маалыматтарга караганда, ичинде 49 адам, анын ичинде 43 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Орусиялык маалымат агенттиктери алардын бири дагы аман калбаганын жазып жатышат.

ТАСС агенттиги транспорт прокуратурасына шилтеме кылып Хабаровск-Благовещенск багытында учуп бараткан учак Тындадагы аэропортко коноордо радардан көрүнбөй калганын жазды.

Учак токойго, барууга татаал жерге кулаган. Учурда ал аймакка куткаруучулар жөнөп кетти.

Дагы караңыз

Шерине

XS
SM
MD
LG