Орусиянын Сочи шаарында 24-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулунан эки адам мерт болду. Аймактын губернатору Вениамин Кондратьев Адлер районуна дрондун сыныктары кулап түшкөнүн, Авиация көчөсүндөгү эки аял алган жараатынан улам набыт болгонун билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Сочидеги кара май базасына жасалган чабуулдан 11 адам жараат алып, төртөө ооруканага жеткирилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 24-июлга караган түнү Краснодар крайында жалпы жети дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Astra порталы Батыш-Сибир транспорттук прокуратурасына шилтеме кылып, дрон чабуулунун айынан Новосибирск, Омск, Томск шаарларындагы аэропорттордо Сочи багытындагы 60ка жакын каттам үзгүлтүккө учурап, 800дөй жүргүнчү ара жолдо калганын жазды.
Шерине