Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Орусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди


2025-жылдын 10-июнунда мекенине кайтып келген украиналык туткундар.
2025-жылдын 10-июнунда мекенине кайтып келген украиналык туткундар.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен дагы туткун алмашуу болгонун билдирди. Мекеме бул тууралуу Телеграм каналына жарыялады, бирок алардын санын тактаган жок.

Стамбулдагы сүйлөшүүгө орус делегациясын жетектеп барган Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский тараптар 250дөн туткун алмашарын маалымдаган.

Украина бул тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Мединский Стамбулдагы 23-июлдагы сүйлөшүүдө Киев менен жакынкы күндөрү жалпы 1200дөн туткун алмашуу макулдашылганын билдирген.

Украин делегациясын жетектеп барган Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров кыскача комментарий берип, аскер туткундарын алмашуу жаатында прогресс болорун күтүп турушканын айткан. Ошондой эле жарандардын, анын ичинде балдардын бошотулушун талап кылууну улантып жатышканын белгилеген.

Май айындагы Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери бир канча жолу туткун алмашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG