Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Борбор Азиядагы цензура: Санариптик куугунтукка кабылгандар


Лукпан Ахмедьяров
Лукпан Ахмедьяров

Казакстанда эркин журналисттер мурда коркутууларга, кысым көргөзүүнүн башка түрлөрүнө кабылып келсе, эми санариптик куугунтук көрүнүшү пайда болгонун талдоочулар белгилешет.

Астаналык иликтөөчү-журналист Лукпан Ахмедьяров бир күнү эле ноутбугун ачып, YouTube аянтчасындагы "Просто журналистика" каналы бөгөттөлгөнүн көрүп алып нес абалда калды. Анын алдында Инстаграмдагы ошондой эле аталыштагы аккаунту жоголуп кеткен.

Ал арада өлкөнүн аркы тарабындагы Алматыда анын кесиптеши, дагы бир иликтөөчү-журналист Вадим Борейконун Фейсбуктагы 30 миңден көп катталуучусу бар баракчасы июлдун башында эскертүүсүз өчүрүлгөн.

Бул окуялар Казакстанда ачык цензура эмес, техникалык себептерге, автордук укуктар жөнүндөгү бүдөмүк билдирүүлөргө шылтоолоп санариптик куугунтук тактикасы кеңейип баратканынан кабар берет.

Алматыдагы "Укук медиа борбор" уюмунун жетекчиси, медиаэксперт Диана Окремованын пикиринде, «сөз көзөмөл тууралуу жүрүүдө...бул силердин оюңарды эркин билдирүү укугуңар көзөмөлдөнөт деген журналисттерге жасалган эскертүү”. Ал соңку окуяларды “эркин журналистиканы басуу боюнча масштабдуу көрүнүш” катары сыпаттайт.

Борбор Азиянын өлкөлөрү бир кездери эркин пресса жокко эсе региондо көз карандысыз журналистиканын түптөлүшүнө жол берилгени үчүн кубаттоого арзып келсе, учурда өз позицияларынан чегингени үчүн сынга кабылууда.

Аналитиктер аймактагы ансыз да чабал тармак болуп эсептелген эркин журналистика барган сайын алда канча амалкөй жана тымызын санариптик чабуулдарга туш болгонун белгилешет.

Ахмедьяров “Азаттык” радиосуна айтып бергендей, Инстаграмдагы баракчасы өчүрүлөр алдында Meta социалдык түйүнүнөн аккаунтунун мазмуну компаниянын стандарттарына “төп келбейт” деген кат алган.

Журналист дал ошондо анын баракчасынын клону пайда болгонун, бирок мазмуну медиа долбоордукунан айырмаланганын кошумчалады.

“Бир нече күндөн кийин журналисттердин укугун коргогон Access Now деген чет өлкөлүк өнөктөшүбүз менен маселени козгогондо Meta эч кандай түшүндүрмө бербестен баракчабызды калыбына келтирди”, - деп айткан Ахмедьяров фейк аккаунт ошондон кийин жок болгонун белгиледи.

YouTube каналы бөгөттөлгөндө журналист видеодо колдонулган музыканын үзүндүлөрүндө “автордук укуктар бузулган” деген расмий түшүндүрмө алган экен.

Арызданган колдонуучу өз каналын даттануунун алдында түзүптүр. Ал эми «Просто журналистика» бөгөттөлгөндөн кийин ал канал дагы табышмактуу түрдө жок болду. “Мындай дал келүү күмөн жаратат”, -деп улантты Ахмедьяров.

«Гиперборей» деген популярдуу YouTube каналдын алып баруучусу Борейко эркин журналисттердин аккаунттарын өчүрүү түздөн-түз коркутуудан, куугунтуктоодон башат алган “жаңы тактика” деп боолголойт.

“Фейсбуктагы баракчам эскертүүсүз жок болуп кетер алдында Инстаграмдагы баракчамды да таппай калдым. Мага таандык деген расмий текшерүүдөн өткөн баракчамдын эки клону пайда болду. Бириникинде атүгүл 134 миң катталуучусу бар деп турду”, - деп айтып берди “Азаттык” радиосуна журналист.

Ошол жасалма аккаунттардын мазмуну Борейконукунан асман менен жердей айырмаланып турду.

Журналисттин айтымында, кибер коопсуздукка адистешкен Cyber Helpline бейөкмөт уюмуна кайрылып, командасы бир нече күндө баракчасын калыбына келтирип, клондорду өчүрүүгө жетишкен.

“Журналисттерге кысым-басымдын ыкмалары бара-бара өзгөргөнү көзгө дароо урунат. Жаңы тактиканын максаты журналисттер менен блогерлердин эсин оодарып, эмоционалдык, психологиялык, атүгүл экономикалык кысым көргөзүүнү максат кылат деп ойлойм. Эмне дегенде көптөгөн журналисттер үчүн социалдык тармактар акча табуунун булагына айланган”, - деген пикири менен бөлүштү Борейко. Буга чейин телефондон коркуткан каттарды алган, башка кысымга туш болгон журналисттин Фейсбук баракчасы бөгөттөлгөн бойдон турат.

Талдоочулар менен журналисттер социалдык түйүндөрдө аккаунттарды өчүрүү толкуну Казакстандын маалымат жана маданият министри Аида Балаева менен Meta компаниясынын коомдук саясат боюнча регионалдык директору Сарим Али Азиздин Астанадагы жолугушуусунан кийин башталганын белгилешет.

Анын жүрүшүндө компания ээлик кылган Фейсбук, Инстаграм өңдүү платформалардагы “мазмунду тескөө” маселеси талкууланганын казак бийлиги билдирген.

Министрликтин өкүлү ошондо муну жалган маалымат таратууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү чаралары менен түшүндүргөн.

Казакстандын бийлиги ошондой эле социалдык тармактардын мазмунун тескөөнү жакшыртуу максатында министрлик менен Meta техникалык жолдорду иштеп чыгуу үчүн жумуш тобун түзгөнүн белгилеген.

Борейконун айтымында, анын баракчасынын жок болушун жогоруда айтылган кызматташтыкка байланыштырган тастыкталган маалымат жок болгону менен “хронологиялык байланыш” көрүнүп турат.

Казакстандын Маалымат жана маданият министрлигинен, Meta компаниясынын кызматкерлеринен комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Июнда казак бийлиги “Азаттыктын” казак кызматынын алты журналистине жана Астанадагы бюро башчысына аккредитация берүүдөн баш тарткан. Казакстандын ТИМи өз чечимин “улуттук коопсуздук” деген кеңири бир жүйө менен түшүндүргөн.

Сынчылар бул кадамды 2021-жылы кабыл алынган Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга толуктоого байланыштырышат. Ага ылайык, аккредитациянын мөөнөтү кыскартылып, аны алууга негиз кеңейтилген. Айрым эксперттер бул чаралар чет өлкөлүк жана эркин медианын ишмердигин чектөөгө багытталганын белгилешет.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу журналисттерге аккредитация берүүдөн баш тартканы үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) Астанадагы административдик сотко берген.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан AHRCA (Борбор Азиядагы Адам Укуктары Ассоциациясы) уюмунун жетекчиси Надежда Атаева Казакстандагы көптөгөн журналисттер жана алардын интернеттеги материалдары өз өлкөсүндө гана эмес, бүткүл региондо абдан популярдуу экенин “Азаттыкка” айтты.

"Казакстанда журналисттерге санариптик кысым болуп жаткан окуялар башка жерлерде да болорунан күмөн санабайм. Аймактагы өкмөттөр бири-биринен үйрөнүп жатышат", - деп айтты Атаева.

Шерине

XS
SM
MD
LG