Бул саамалык ар кандай кыйынчылыктарга, анын ичинде коомдогу түрдүү чектөөлөргө, эскичил көз караштарга, керек болсо үйдөгү тоскоолдуктарга карабай ийгилик жараткан спортчуларды даңазалоону, алардын эмгегин элге таанытууну максат кылган.
Сынак жарыялангандан бери “Азаттыктын” кыргыз, казак, өзбек, түркмөн жана тажик кызматтарынын окурмандары ондогон спортчулардын талапкерлигин сунушташты. Алардын сунуштарынын негизинде “Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтары тоодой тоскоолдуктарга карабастан спорттогу кыялын, мүдөө-максатын ишке ашыра алган бир канча спортчунун таржымалын окурмандарына тааныштырды.
Алардын арасынан региондогу беш өлкөнүн ар биринен жеңүүчү тандалды. Мыктыларды аныктоодо алардын коомдук өзгөрүүлөрдөгү ролу, спорт серепчилеринин добушу, “Азаттыктын” интернеттеги аудиториясынын колдоосу жана редколлегиянын пикири сыяктуу бир нече критерий колдонулду.
Анда алдыда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы “кыйынчылыкты жеңген кыраандар” менен тааныштырабыз.
Казакстан: Ооруга моюн сунбаган марафончу Досмухамед Төлегенов
Казакстандын Жети-Суу аймагындагы Аркарлы айылынын тургуну Досмухамед Төлегенов 34 жашында мээсиндеги шишиктен улам нейрологиялык илдетке туш болуп, он жыл бою төшөктөн тура албай калган.
“Дарыгерлерге андан көрө өлүп калсам болмок деп айткан учурларым болгон. Бирок менин үч балам бар эле. Алар үчүн жашадым”, - дейт Төлегенов.
Китеп окуп же телевизор көрмөк түгүл, өз алдынча отура да албай калган Досмухамедди дарыгерлер экинчи даражадагы майып деп жарыялашкан. Ал далай жыл төшөктө жатса да кадам таштаганды кайрадан үйрөнө алган. Ден соолугун калыбына келтирүүнү өмүрлүк миссияcына айландырган.
Адистердин “ашкере машыкпа” деген эскертүүсүнө карабай чуркай баштаган. Чуркоо аны чыныгы эркиндикке, андан ары чоң жарыштарга жетелеген.
Быйыл 62ге чыккан Досмухамед Төлегенов азыр Казакстандын көпчүлүктү суктандырган марафончуларынын бири. Ал Казак хандыгынын 550-жылдыгына жана Жеңиш күнүнүн 70-жылдыгына карата уюштурулган 50 жана 70 чакырымдык марафондордо ийгилик жарата алды.
Ал үй-бүлөсү менен дале өз айылында жашайт. Жергиликтүүлөр аны кажыбас кайраттын жарчысы деп сыпатташат.
Кыргызстан: “Караңгыда көз тапкан” Гүлназ Жүзбаева
Гүлназ Жүзбаева бала кезинде Парижди бир көрсөм деп кыялданчу. Бирок анда француз баш калаасына турист катары эмес, өз өлкөсүнүн атынан Паралимпиадага катышуу үчүн келери үч уктаса түшүнө кирген эмес.
Гүлназ былтыр Париждеги Паралимп оюндарына Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортчунун бири болду. Ал Франциянын борборун аралап өткөн Сена дарыясын бойлой 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Муну менен ал көзү азиз спортчулардын арасында Кыргызстандын жаңы улуттук рекордун жаратты.
Гүлназ Жүзбаеванын көзү жаштайынан эле жакшы көрчү эмес. “Башкалар деле мендей эле көрөт деп ойлочумун”, - дейт Гүлназ. Кийинчерээк анын эки көзү тең толук көрбөй калган.
Буга карабастан Гүлназ мектепти жана жогорку окуу жайды башкалардан кем калышпай, ийгиликтүү бүтүргөн. Каарманыбыз муну менен токтоп калган эмес. Ал көзү азиздерди өз алдынча жашоого үйрөткөн окуу борборун негиздеген. Окуу жайда 10 жыл аралыгында 200дөй киши өз алдынча жашоону, компьютер, гажеттерди колдонууну жана окуганды үйрөнүшкөн. Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматы 2020-жылдын аны дүйнөдөгү эң таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын катарына кошкон.
Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика менен олуттуу машыгууга өтүп, Азиянын Параоюндарында жеңил атлетикадан коло медал, Паратриатлон боюнча Азия чемпионатында эки күмүш медал алган.
41 жаштагы Гүлназ азыр атлет гана эмес, устат, эне, лидер гана эмес, чектөөлөргө карабай “караңгыда көз тапкан” эрктүү аял катары белгилүү.
Тажикстан: Кыялынан баш тартпаган дзюдочу Сомон Махмадбеков
26 жаштагы тажикстандык дзюдочу Сомон Махмадбеков Орусиянын алыскы Иркутск шаарында туулуп өскөн. Аны алты жашында таякеси машыктырып баштаган. Сомон кезинде өзүнөн эки эсе улуу балдар менен күч сынаша алганына карабай Орусиянын атынан эл аралык мелдештерге катыша алган эмес. Буга ата-энесинин колунда орус паспортунун жоктугу себеп болгон.
Дзюдодогу кыялынан баш тартпаган Махмадбеков Тажикстанга кайтып келип, өз мекенинин атынан эл аралык мелдештерге катышууну чечкен.
Бирок ийгиликке карай жол жеңил болгон эмес. 81 килограммдык салмакта беттешке чыккан жаш дзюдочу Тажикстандын спортунда өз ордун табыш үчүн далай кыйынчылыктарды жеңип чыгууга аргасыз болгон. Аны Тажикстандын улуттук курамасына дароо алышкан эмес. Бирок Сомондун ар бир жеңген медалы жардамга келген. Эл аралык мелдештердеги удаалаш жеңиштерден кийин анын келечегинен жана чеберчилигинен эч ким күмөн санабай калган.
Ал 2023-жылдагы Азия оюндарында чемпион атыккан. 2024-жылы Сомон Париждеги Олимпиадада Тажикстандын тарыхында коло медал уткан алгачкы дзюдочу болуп калды. Аны улай жаш спортчу Дүйнөлүк дзюдо чемпионатында дагы бир жолу үчүнчү орунду камсыз кылды.
Сомон Махмадбеков жаш тажик дзюдочуларына ийгилик капыстан келбей турганын, мыктылыгыңды маттын үстүндө, тынымсыз аракеттин натыйжасына гана далилдей ала турганыңды көрсөттү.
Түркмөнстан: Саясий күрөштү айкидо менен айкалыштырган Мурад Курбанов
Түркмөнстандык Мурад Курбанов айкидодогу алтынчы дандын жана кара курдун ээси. Ал бир гана айкидо чебери эмес, баалуулук үчүн күрөштүн да символу. Курбанов 2005-жылы түркмөн коомундагы адилетсиздикти айыптаганы үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Түркмөнстандагы бизнесинен, үйүнөн ажыраган.
Францияда жаңы жашоо баштоо оңойго турган эмес. Ал үй-бүлөсүн багуу үчүн гезит саткан, курулушта да иштеген. Бирок ага айкидонун тең салмактуулук, энергияны башкаруу жана гармония принциптери жардамга келген. Ал ошол принциптердин негизинде Францияда күзөт компаниясын ийгиликтүү түптөгөн.
59 жаштагы Курбанов айкидо анын жашоодогу багытын гана аныктабастан, өмүрүн да сактап калганын айтат. Ал катуу оорудан айкидо жана медитациянын жардамы менен айыгып чыккан.
Учурда Мурад Курбанов чет өлкөдөгү түркмөн оппозициясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ал айкидо ага саясий күрөштө да жардам берип, дүйнөдөгү эң авторитардык режимдердин бирине каршылык көрсөтүүнү улантуу үчүн ага бекемдик жана акыл-эстин тазалыгын тартуулайт деп эсептейт.
Өзбекстан: Тарых жараткан футболчу Абдукодир Хусанов
Абдукодирдин “Поезд” деген лакап аты бар. Буга анын өтө тез чуркаганы гана эмес, оюн талаасында чукул өзгөрүүлөрдү жарата алганы себеп болгон. Ал 20 жашында Англиянын Премьер-лигасындагы “Манчестер Сити” клубунда ойногон Борбор Азиядагы алгачкы футболчу болуп калды. Анын 41 миллион доллардык трансфери Өзбекстанда гана эмес, бүтүндөй региондо тарых жарата алды.
Хусановдун бул ийгилиги кокустан келген жок. Өзбекстандын өзүндөгү футбол клубдары ага жетиштүү шарт түзө алган эмес. Ал алгач Беларустун клубуна өтүп, андан соң Франциянын "Ланс" командасында ойной баштаган. УЕФАнын Чемпиондор лигасынын алкагындагы беттештерге да чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Акыры тынымсыз аракет аны Англияга жеткирген.
Азыр Хусанов өзбек футболунун жылдызы. Ал Өзбекстандын курамасынын Азия чемпионатындагы жана Олимпиададагы беттештеринде орчундуу ролду ойногон. Эң башкысы 2025-жылы ал өзбек курамасын Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу ФИФАнын Дүйнөлүк чемпионатына чыгара алды.
P.S. Адеп “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтары “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” сынагынын жеңүүчүлөрү үчүн региондогу баш калаалардын биринде атайын сыйлоо аземин уюштурууну көздөгөн. Тилекке каршы медиа мекеме туш болгон финансылык маселелерден улам бул азем өтпөй турганын эскертебиз.
Шерине