Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:27

ИИМ кызматтык унаа катышкан жол кырсыгы иликтенип жатканын билдирди


Бишкектеги жол кырсыгы. 12-июль, 2025
Бишкектеги жол кырсыгы. 12-июль, 2025

Ички иштер министрлиги кызматтык унаанын катышуусундагы жол кырсыгы тууралуу маалыматтарга жооп берди. Факт катталганын ырастап, учурда Ички иликтөө кызматы тийиштүү текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

“Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилет”, - деп жазылган маалыматта.

Kaktus.media 12-июлда Бишкекте Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта келип, Октябрь райондук аскер комиссариатынын дарбазасын сүзгөнү тууралуу жазган. Жол кырсыгынын видео, сүрөттөрү социалдык тармактарга тараган. Маалыматта машина Свердлов райондук милициясынын жетекчи орун басары Замир Эргешовго таандык болушу ыктымалдыгы белгиленген. Күбөлөр айдоочу мас абалында рулга отурганын айтышкан.

Эргешов бул окуя боюнча комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG