Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Социалдык тармактын колдонуучусу улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 38 жаштагы жаран расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактык аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы 13-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, шектүү 7-июль күнү казак улутундагы кызды цензурага жатпаган сөздөр менен айыптаган видео чыгарган.

“Видео коомдун талкуусуна түшүп, улут аралык, жарандын аброюна шек келтирген маселелер көтөрүлгөн”, - деп жазылган билдирүүдө.

Бишкек милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинини 330-беренеси менен ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") иш козгоп, лингвистикалык экспертиза дайындады.

Шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына бир айга камалды. Анын жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Кылмыш-жаза кодексиндеги бул берене (330) боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG