Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:31

Трамп ЕБ жана Мексикадан келген товарларга 30% тариф киргизилерин айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп 1-августтан тарта Мексика менен Европа Биримдигинен келген товарларга 30% тариф киргизүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Truth Social платформасына жарыяланган Трамптын бул өлкөлөргө жазган катында белгиленген. Жаңы тарифтер Трамптын башка өлкөлөр менен соода мамилелерин кайра талкуулоо боюнча кеңири кампаниясынын бир бөлүгү болуп калды. Соңку аптада Канада, Жапония жана Бразилия баш болгон бир нече өлкө ушундай эле билдирүү алган. Тарифтер 20 пайыздан 50 пайызга чейин, жез үчүн 50% каралган.

Трамп Евробиримдиктен америкалык товарларга базарды толук ачууну жана европалык бажы төлөмдөрүн алып салууну талап кылууда.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мындай чаралар “эки өлкөгө тең зыян алып келерин” белгилеп, ага жооп болорун эскертти. Трамп Мексиканы Американын аймагында иштеген баңгизат картелдерине каршы күрөштө эч кандай жылыш жок деп айыптады. Мексиканын расмийлери АКШнын тарифтерин “адилетсиз” деп атады.

Экспортунун 80% ашыгын АКШга жөнөткөн Мексика 2023-жылы Кытайды басып өтүп, АКШнын эң ири соода өнөктөшү болуп калган.

Евробиримдик АКШ менен кеңири макулдашууга жетишүүгө үмүттөнүп келген, бирок азыр ортодогу вариантка ыктап жатат. Блоктун ичинде позициялар дагы ар түрдүү, Германия компромисске барууну жактайт, Франция ага каршы.

Трамп Канадага 35%, Мексика менен Евробиримдикке дагы көп тариф киргизилерин айтып коркутууда. АКШ президенти бул чараларды баңгизаттардын негизги агымы Мексикадан келгенине карабастан, Канададан баңги аткезчилигине байланыштуу көйгөй менен байланыштырат.

АКШ Финансы министрлигинин маалыматына караганда, бажы төлөмдөрүнөн түшкөн киреше 100 миллиард доллардан ашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG