Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин Нурмат Рыскулбек уулу аткарат


Нурмат Рыскулбек уулу.
Нурмат Рыскулбек уулу.

Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин Нурмат Рыскулбек уулу аткарат. 34 жаштагы Рыскулбек уулу буга чейин мэрдин орун басары болуп турган, шаардык кеңештин мурдагы депутаты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитети (УКМК) 1-июлда Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана Жол курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлаган. Алар өз кызыкчылыгын көздөп, Кытайдан чыгарылган 17 автобусту кымбат баада сатып алганын, мындан бюджетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин билдирген.

4-июлда УКМК Шопоков шаардык мэриясынын кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козгоп, ага ылайык шаар мэри жана мэриянын башкы адиси кармалган.

Мекеменин басма сөз кызматы алар коррупциялык аракеттери менен мамлекетке 9 млн сомдук зыян келтирүүгө шек саналып жатканын кабарлаган.

24-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шаар тургундарынын арызы боюнча Токмок шаарына барып, анын тапшырмасы менен жыйын учурунда калаа мэри Максат Нусувалиевди жана үч кишини кармаган. Аларга калаадагы сейил бакты куруу ишинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соңку апталарда өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп келет. Жыйын учурунда жергиликтүү жетекчилер кармалып же кызматтан кеткен учурлар болууда.

Ташиев 9-июлда Ошто жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кетти. Алар “Кадастр”, сот жана Салык кызматынын кызматкерлери. Азырынча УКМК кармоолордун негизи тууралуу расмий маалымат бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG