Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Жалал-Абад: жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда үй-бүлөлүк зомбулук, эрте никеге туруу маселелерине арналган жыйын болду. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай анда быйыл жыл башынан бери эрте нике курган 69 учур катталганы, үй-бүлөлүк зомбулук Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларында көбөйгөнү айтылды.

"Буга байланыштуу бир катар жетекчилерге суроолор берилди. Аталган көрүнүштүн алдын алуу боюнча аткарылган иштердин натыйжалуулугу жана кетирилген кемчиликтер талданып, тиешелүү мекемелердин жоопкерчилиги белгиленди. 2025-жылдын беш айында Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарында былтыркы жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнү айтылды. Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча аймактык жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берип, кетирилген кемчиликтерди жоюу, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы коюлду. Жетекчилерге бул маселелерди жеке көзөмөлүнө алуу милдеттендирилди", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Акыйкатчы институту өлкөдө былтыр 13 жаштан 17 жашка чейинки 353 өспүрүм кыз көз жарганын, өспүрүмдөр арасындагы төрөткө эрте никеге туруу адаты себеп болуп жатканын билдирген.

Омбудсмен Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага буга байланыштуу кат жолдогон. Мындай фактылардын көбү тергөөдө кыскарып кетерин белгилеп, Сузакты мисал келтирген. Бул райондо 2024-жылдын тогуз айында эрте никеге турган 23 учур катталса, анын 21и тергөө учурунда кыскартылган.

Кыргызстанда эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш катары каралат. Анын негизинде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.


Шерине

XS
SM
MD
LG