Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Түркияда сот эки түркмөн активистти депортациялоого чечим чыгарды


Алишер Сахатов жана Абдулла Орусов
Алишер Сахатов жана Абдулла Орусов

Түркиянын Самсун шаарынын соту Алишер Сахатов менен Абдулла Орусовду Түркмөнстанга депортациялоону чечти. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки фонду алардын адвокатына таянып билдирди.

Соттун чечими 13-июнда чыкканы менен адвокатка билдирүүнү эки аптадан кийин гана беришкен. Адвокат сот чечимин жогорку инстанцияга даттанарын билдирди.

Активисттердин жактоочулары эгер алар Турмөнстанга кайтып барышса өмүрү тобокелдикке кабыларын сот эске алган жок деп санашат.

Сахатов жана Орусов 28-апрелде Синоп шаарында кармалып, Анкарадагы депортациялык борборго жөнөтүлгөн. Turkmen.news өз булактарына таянып, депортациялык борборго түшкөн соң активсттер Түркиядан башкалка сурашканын жазды. 5-майда алар түрк бийлиги башкалка берүүнү четке какканы тууралуу тастыктама алышкан.

Мындан сырткары түрк бийлиги аларды "Түркиянын улуттук коопсуздугуна каршы аракеттерге аралашкан" деп тапкан.

Алишер Сахатов Erkin Garaýyş ("Эркин көз караш") деген ютуб-канал ачып, Түркиядагы мекендештеринин көйгөйлөрүн чагылдырып, түркмөн бийлигин сындап жүрчү. Ал Түркияга 2018-жылы аялы, балдары менен келген. Абдулла Орусов социалдык тармактарда түркмөн аткаминерлеринин бийлигинен аша чапканын ашкерелеп жүрчү.

Шерине

XS
SM
MD
LG