8-июлда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2021-жылдан бери Ооганстанда бийликте турган "Талибан" радикал кыймылынын эки жетекчисин кармоого ордер чыгарды. Алар өлкөдөгү "аялдарга кысым көрсөтүп, куугунтукка алып, адамзатка каршы кылмыш кылган" деп айыпталууда.
Гаага соту "Талибандын" руханий лидери жана де-факто жетекчиси Хайбатулла Ахунзаданы, талибдер негиздеген Жогорку соттун жетекчиси Абдулхаким Хакканини кармоого ордер жарыялады.
Сот чечиминде эки лидер башында турган талибдер ооган аялдарын "бекитилген эрежелерди бузду" деген шылтоо менен кыз-келинге каршы кылмыш кылган деп саноого негиз бар деп тапканы белгиленет.
Ахунзаданы жана Хакканини кармоого ордер берүү өтүнүчү менен сотко январда Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан кайрылган. 2021-жылы бийликке кайтып келген "Талибан" кыймылы "шариаттын шарттарына туура келбейт" деген жүйө менен кыз-келиндин укуктарын кескин чектеген. Укук коргоочулар, тургундар, көпчүлүк учурда талибдер өздөрү өлкөдө аялдарды өлтүргөн, кыйнаган, абакка салган жана сексуалдык кордук көрсөткөн учурлар тууралуу билдирген.
Ооганстан Рим статутун жактырган, башкача айтканда Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныйт. Бирок эл аралык документти талибдер төрт жыл мурун кулаткан ооган бийлиги ратификациялаган.
Азырынча "Талибан" өкмөтү Гаага сотунун соңку чечими тууралуу эч нерсе айта элек.
3-июлда Орусия дүйнөдө биринчи болуп талибдердин бийлигин - Ооганстан Ислам Эмиратын расмий тааныды. Ага чейин Москва "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.
Шерине