Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Орусиянын дрон жана ракета чабуулдарынын мизин кайтарууда украин учкучу мерт кетти


Орусиянын ракетасынан жабыркаган тогуз кабаттуу үй. Смела, Черкас облусу. 29-июнь, 2025-жыл.
Орусиянын ракетасынан жабыркаган тогуз кабаттуу үй. Смела, Черкас облусу. 29-июнь, 2025-жыл.

29-июнга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 587 ракета жана дрон менен чабуул жасаганын украин куралдуу күчтөрү билдирди. Маалыматка ылайык, 475 ракета жана дрон асмандан жок кылынган.

Орусиянын армиясынын чабуулунун мизин кайтаруу учурунда F-16 учагынын учкучу Максим Устименко мерт кеткени кабарланды.

"Учкуч жети ракетаны атып түшүрдү. Акыркысын жок кылуу учурунда өзүнүн учагы жабыркап, бийиктикти жогото баштаган. Максим Устименко бар күчү жумшап, күйгөн учакты эл жашабаган жакка алып кетүүгө жетишкен. Бирок өзү катапульт менен секирүүгө үлгүрбөй калган", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрү.

Алты жерге ракета, сегиз жерге дрондун сыныктары түшкөн. Жарылуулар Кременчуг, Николаев, Львов, Запорожье жана башка шаарларда болгону кабарланды. Учурда келтирилген чыгымдар саналууда.

Черкас облусунун Смела шаарында чабуулдан алты адам жараат алды, бири бала. Баштапкы маалыматтарга карагандай, тогуз кабаттуу үч үй жабыркаган. Тамак-аш технологиясы университетинин коллежи жабыркаганын облустук администрация башчысы Игорь Табурец маалымдады.

Ивано-Франков облусунда Нараево айылынын тургуну жараат алып, жер үй жарылган. Васючин кыштагында чиркөө менен коңгуроо орнотулган жер жабыркаган.

БУУнун маалыматында, Орусия басып киргенден бери Украинада 13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан да көп экенин айтышат.


Шерине

XS
SM
MD
LG