Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:28

Каныш-Кыя - Кара-Буура жолунун курулушу башталды


Чаткал - Ала-Бука жолу. (архив)
Чаткал - Ала-Бука жолу. (архив)

Жалал-Абад облусунун Чаткал району менен Талас облусун байланыштырган 16 чакырым Каныш-Кыя - Кара-Буура жолунун курулушуна 1,7 млрд сом бөлүнөт.

Жол курулушу 28-июнда башталып, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышканын мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тоолуу аймакта жайгашкан 16 чакырым жолдун курулушунда тоону тешип жардыруу, бир көпүрө куруу жана башка иштер жасалат. Долбоордун максаты алыскы Чаткал районунун тургундарынын башка облустарга жана өлкөлөргө чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу.

Жол курулушун 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Чаткал району өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бири. Районго Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарын, Аксы, Ала-Бука райондорун аралап жетүүгө мүмкүн. Районду Талас облусу менен байланыштырган эски жолдо унаа менен жүрүүгө мүмкүн болбой калганын жергиликтүү тургундар айтып келишкен.

Камчыбек Ташиев жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда Чаткал районундагы кен казган компаниялардын белгилүү бир өлчөмдөгү үлүштөрү мамлекетке өтөрүн айтты. Ошондой эле компаниялардын ишмердүүлүгү УКМКнын көзөмөлүнө алынарын белгиледи.

УКМК төрагасы сапарында Чаткал райондук төрөт үйүнүн абалы менен таанышып, аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасын тийиштүү жетекчилерге берди.

Мындан тышкары айрым айыл өкмөт башчыларына жана кээ бир жетекчилерге эскертүү жана тапшырмаларды берип, облустагы ар бир жетекчинин иши текшерилерин эскертти.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG