Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Нурбек Сатаров президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды


Нурбек Сатаров.
Нурбек Сатаров.

Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

41 жаштагы Нурбек Сатаров 2020-жылы Ат-Башы районунун, 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп иштеген. 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри, 2024-жылы президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.

25-июнда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кызматтан бошотулуп, Чүйдүн Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG