Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

"Ирандын өзөктүк программасы олуттуу зыян тарткан эмес". Трамптын сөзүнө каршы келген баяндама


Уран байытуу боюнча Исфахандагы ишканада АКШнын соккусунан кийинки кыйроолор спутниктен тартылган. Maxar Technologies , 22-июнь 2025-жыл
Уран байытуу боюнча Исфахандагы ишканада АКШнын соккусунан кийинки кыйроолор спутниктен тартылган. Maxar Technologies , 22-июнь 2025-жыл

Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ Ирандын өзөктүк үч жайына урган аба соккулардын кесепетине баа берилген өкмөттүк отчеттун мазмуну сыртка чыгып кеткенин моюнга алды. Министр документте “алдын ала” жана “анча ишеничтүү эмес” маалыматтар камтылганын белгиледи.

Анын алдында бир нече медиа булактарга таянып, баяндамада сөз болгон аскердик операция Тегерандын өзөктүк программасын бир нече айга гана артка жылдырганын ачыкка чыгарганын жазышкан.

Хегсет менен кошо 25-июнда НАТОнун Гаагадагы саммитине барган АКШнын президенти Дональд Трамп отчетту катуу сындады.

Коргоо министри Федералдык иликтөө бюросу, Аскердик чалгын башкармалыгы (DIA) даярдаган документтин кандайча CNN, The New York Times, The Washington Post жана Reuters агенттигине тийгенин териштирерин билдирди.

Баяндамада айтылгандай, чабуул Ирандын атомдук программасынын негизги компоненттерин талкалаган эмес. Бул - Трамптын соккулар Ирандын уранды байыткан өзөктүк жайларын “толугу менен жок кылды” деген сөздөрүнө каршы келет.

Президент Гаагада журналисттерге “чалгынчылардын маалыматы так эмес болгону менен”, ал өзү “олуттуу залака келтирилген” деп эсептерин айтты.

“Ал жайлар жер менен жексен болду”, - деген президент Ирандын өзөктүк программасы “ондогон жылдарга артка жылганын” айтып, эми “алар жылдар бою бомба жасай албайт” деп кошумчалады.

Айрым талдоочулар Трамптын жана америкалык башка расмий адамдардын Ирандагы өзөктүк жайлардын таш-талканы чыкты деген билдирүүлөрүн күмөн саноо менен баалашат.

CNN сөз болгон отчеттон кабары бар булакка шилтеме берип жазгандай, чалгынчылар соккулар Ирандын атомдук программасын “балким эң көп дегенде бир нече айга кечеңдетти” деп болжолдошот.

Буга чейин DIA талдоосун улантып жатканы, анализ өзгөрүшү мүмкүн экени кабарланган.

Хегсеттин айтымында, бомбалар бутага алынган жерлерге “таамай түшкөн” жана кыйроолорго алып келген. Ага чейин министр андан күмөн санагандар президенттин ийгиликтүү миссиясына көлөкө түшүрүүнү каалайт деп сындаган.

АКШ сокку урган 21-июндан бери чабуул канчалык натыйжалуу болгону тууралуу так маалыматтын жоктугу түрдүү айың-кептерге жем таштады.

Спутниктерден тартылган сүрөттөрдө бомбаланган жайдын айланасында аң, чуңкурдарды көрүүгө болот. Бирок ишкана жер астында орун алгандыктан, зыянды баалоо кыйын.

Израилдин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы, генерал Эффи Дефрин 25-июндагы маалымат жыйында “операциянын жыйынтыгына баа берүү дагы эрте” деп билдирди.

“Биз Ирандын өзөктүк программасына чоң сокку урдук деп ойлойм, аны бир нече жылга артка жылдырганыбызды айта алам”, - деп кошумчалады Дефрин.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси аба соккулары уран байыткан “Фордо” жайына болжолу менен “чоң залака тийгизгенин”, бирок “азырынча эч ким, анын ичине МАГАТЭ жер астындагы объектилер тарткан зыянга баа бере албастыгын билдирген.

Гроссинин 25-июнда айткандарына караганда, зыяндын масштабы кандай болбосун, азыр мындан аркы аракеттерди ойлоо зарыл.

МАГАТЭ 13-июнда тутанган куралдуу жаңжалдан улам Ирандагы жайларды текшере алган жок.

Атомдук куралды жайылтпоо маселелери боюнча эксперт, Брукингс институтунун илимий кызматкери Роберт Эйнхорн 60% байытылган урандын 400 килограммдан ашууну башка жерге алынып кеткенин айтат:

“Уран Ирандын колунда болсо, жашыруун жерге алынып чыгып, өзөктүк курал чыгарууда колдонулушу ыктымал”, - деп айтты эксперт “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына.

Гросси 13-июнда соккулардын алдында Тегерандан уранды коргоо үчүн “атайын чаралар” көрүлгөнү айтылган кат алганын билдирди.

“Бул эмнени билдирери, башка чоо-жайы айтылбаганы менен кеп эмне тууралуу жүргөнү түшүнүктүү. Андай материал ирандыктарда бар деп болжолдосо болот”.

Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон да соккулардын кесепетин баалоо эртелик кыларын айтып, Ирандын өзөктүк программасы жылдарга артка чегингенин белгиледи. Элчинин айтымында, Израил мамлекети туш болгон “түздөн-түз коркунуч жоюлду”.

Ал арада 25-июнда Ирандын парламенти Тегерандын МАГАТЭ менен кызматташуусун убактылуу токтотуу чечимин жактыры.

Мамлекеттик телеканал жобону 221 депутат колдогонун, бирөө да каршы добуш бербегенин маалымдады.

Эми аны конституциялык кеңеш карап, акыркы чечимди Улуттук коопсуздук боюнча кеңеш кабыл алмакчы.

Шерине

XS
SM
MD
LG