Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалга байланыштуу “Орусия Иран элине жардам берүүгө аракет кылып жатканын” билдирди. Путин сөз кандай жардам тууралуу болуп жатканын тактаган жок.
Орус президенти жолугушууда “Иранга каршы негизсиз агрессия жасалууда” деп белгилеп, Израил менен АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге урган соккуларын сындады. Анын айтымында, Аракчи менен сүйлөшүүнүн максаты “мындай кырдаалдан чыгуу жолдорун биргеликте издөө”.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандын үч өзөктүк объектисине жасаган аба чабуулун "катуу айыптады". Бул тууралуу мекеме 22-июнь күнү кечинде жарыялаган расмий билдирүүсүндө айтылат.
"Чыр-чатактын күчөшү узак мөөнөттүү согушка алып келиши мүмкүн. Анын чөлкөм жана дүйнө үчүн кооптуу кесепеттери болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмун, Эл аралык атомдук энергия агенттигин (МАГАТЭ) жана башка эл аралык уюмдарды тез арада чара көрүүгө чакырып, "экологиялык кырсыктарды алдын алуу, эл аралык укуктун бузулушуна жол бербөө жана чөлкөмдө тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо" зарылдыгын белгиледи.
Коңшу өлкө Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, бардык тынчтык аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.
22-июнда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Азадлыг" радиосу жазды.
Тараптардын сүйлөшүүсү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасагандан бир күндөн кийин болду.
23-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.
"Азыркы кооптуу кырдаалда Орусия менен кеңешкенибиз чоң мааниге ээ", — деди Аракчи Ирандын мамлекеттик телеканалына курган маегинде.
Министрдин айтымында, Тегеран менен Москва "өз ара позицияларын координациялоого аракет кылууда" , анткени тараптар "орток кооптонууларга жана душмандарга ээ".
Шерине