Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалга байланыштуу “Орусия Иран элине жардам берүүгө аракет кылып жатканын” билдирди. Путин сөз кандай жардам тууралуу болуп жатканын тактаган жок.
Орус президенти жолугушууда “Иранга каршы негизсиз агрессия жасалууда” деп белгилеп, Израил менен АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге урган соккуларын сындады. Анын айтымында, Аракчи менен сүйлөшүүнүн максаты “мындай кырдаалдан чыгуу жолдорун биргеликте издөө”.
Орусиянын лидери Ирандын президенти Масуд Пезешкианга жана өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге өзүнүн каалоо-тилектерин жеткирүүнү суранды.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран азыр “өз эгемендигин жана өлкөсүн коргоп жатканын” айтты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга чейин Орусия Иранга кандай жардам бере алары тууралуу суроого жооп берип жатып, бул маселеде Аракчинин сунуштары күтүлүп жатканын айткан.
Reuters агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, Ирандын жогорку лидери Хаменеи Аракчини Москвага жөнөтүп, чоң жардам талап кылуу тапшырмасын берген. Бирок Иран расмийлери Москвадан эмнени так күткөнү тууралуу ачык айткан эмес.
АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, Израилдин соккулары башталгандан кийин Путин өзөктүк сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууну сунуштаган. Бирок бул сунуш четке кагылган. Трамп Путинге “алгач Украинадагы согушту токтотсо жакшы болмок” деп жооп берген.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага расмий сапар менен 23-июнда барган. (AiA)
Шерине