Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

"Эркин Европа/Азаттык" менен кызматташкан журналист абактан чыкты


Владислав Есипенкону колдогон акция, Киев, 2021-жыл.
Владислав Есипенкону колдогон акция, Киев, 2021-жыл.

Орус бийлиги Крымда абактан "Эркин Европа/Азаттык" менен кызматташкан журналист Владислав Есипенкону бошотту.

"Влад төрт жылдан ашуун кылбаган кылмышы үчүн негизсиз жазаланды. Ал Орусия басып алган Крымда болгон окуялар тууралуу чындыкты айткандыгы үчүн кымбат акы төлөдү. Аны физикалык жана психологиялык жактан кыйнашты", - деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус.

Капус "Эркин Европа/Азаттык" радиосу журналистти камактан бошотууга көмөк көрсөткөн Украинанын жана АКШнын бийлигине ыраазычылык билдирди:

"Владдын эркиндикке чыкканы үчүн эки өлкөнүн бийлиги жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттерин колдогон коомчулукка ыраазыбыз. Биз Владиславдын жубайы Катерина жана кичинекей кызы Стефания менен кайрадан табышканына кубанып турабыз. Бирок бул үй-бүлө Орусиянын бийлигинен тарткан азапты унута албайбыз".

Орусия жана Украинанын жараны Владислав Есипенко 2021-жылы мартта украин атайын кызматтарынын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен Крымда кармалган. ФСБ шектүүнүн автоунаасынан “жардыргыч затка окшош” буюм табылганын жана ал күнөөнү моюнуна алганын жарыялаган.

Есипенко аны кыйноого алышканын, кармоо учурунда жанына граната салып коюшканын билдирген.

2022-жылы Орусия аннексиялап алган Крымдын соту Есипенкону алты жылга абакка кесип, айыппул салган.

Буга чейин Беларуста "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттери Игорь Карней жана Андрей Кузнечик эркиндикке чыккан. Капус алардын эркиндикке чыгышы "АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын олуттуу аракеттеринин" натыйжасы болгонун белгиледи. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG