Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 11-июнда Кыргызстандын АКШдагы жаңы дайындалган элчиси Айбек Молдогазиевдин ишеним грамотасын кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-июнда маалымат таратты.
Анда элчи президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирген.
“АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи”, - деп жазылган билдирүүдө.
Молдогазиев былтыр 26-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган.
52 жаштагы Айбек Молдогазиев 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ТИМдин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси болуп баштаган.
Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн башчысы болуп иштеген.
Андан соң министрликтеги бир катар департаменттерди жетектеген. 2017-2020-жылдары Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи болуп эмгектенген.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.
Шерине