Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Канышай Мамыркулованын соту 26-июнга жылдырылды


Канышай Мамыркулова сот залында. 17-июнь, 2025.
Канышай Мамыркулова сот залында. 17-июнь, 2025.

Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча Бишкектин Октябрь райондук сотундагы отурум 26-июнга жылдырылды. Буга 17-июндагы отурумда сурала турган эксперттин келбей калганы себеп болду.

Ишке катышып жаткан прокурор эксперт эмнеге келбей калганын түшүндүрбөгөнүн, бир күн мурун байланышканда жооп бербей койгонун билдирди.

Эркин журналистке кылмыш ишин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгоп, сотко ашырган.

Шаардык милициянын кызматкерлери Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган.

Өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитететинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG