Европа Биримдиги Орусияга каршы 2014-жылы Крымды аннексиялаганы үчүн киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу уюмдун 16-июнда жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка караганда бул жолку санкциялардын мөөнөтү 2026-жылдын 23-июнуна чейин узартылды.
2014-жылдын июнь айында киргизилген санкциялар аннексияланган Крымда өндүрүлгөн продукцияны Евробиримдикке импорттоого, Крымда финансылык инвестиция салууга жана туризм кызматтарын көрсөтүүгө тыюу салат.
"Евробиримдик Крым менен Севастополдун Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышын тааныбайт жана аны эл аралык укуктун бузулушу катары айыптоону улантат", – деп жазылган расмий билдирүүдө.
Мындан тышкары, транспорт, энергетика жана жер казынасын изилдөө, мунай жана газ өндүрүү тармактарында колдонулуучу товарларды жана технологияларды Крымга экспорттоого чектөө киргизилген.
Москва 2014-жылы Крымды өзүнө кошконун жарыялап, бул аракет референдум жыйынтыгында болгонун билдирген. Бирок добуш берүү Украинанын мыйзамдарына каршы өткөрүлгөн жана жарым арал орус аскерлеринин көзөмөлүндө турган учурда референдум өткөн.
АКШ, Британия жана Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы биринчи санкцияларды 2014-жылы Крым аннексиясынан кийин киргизген. Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинага караштуу жарым аралды басып алып, референдум өткөргөнүн эл аралык укукту одоно бузуу деп эсептейт. (AiA)
Шерине