Британиянын MI6 тышкы чалгын кызматынын 116 жылдык тарыхында биринчи жолу аял жетекчи дайындалды. Бул тууралуу 15-июнда британ өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, чалгын кызматына жетекчи катары 47 жаштагы Блейз Метревели дайындалды. Ал учурда аталган мекеменин технология жана инновация бөлүмүн жетектейт. Метревели күзүндө кызматын тапшыра турган азыркы жетекчи Ричард Мурдун ордун басат.
Блейз Метревели буга чейин ички коопсуздук боюнча MI5те жогорку кызматтарды аркалаган. Ал Европа өлкөлөрүндө жана Жакынкы Чыгышта, анын ичинде согуш жүрүп жаткан аймактарда иштеген. Financial Times басылмасы Метревели араб тилин мыкты билерин, Жакынкы Чыгыш боюнча тажрыйбасы мол экенин жазды.
Метревели 2021-жылы Telegraph басылмасына "директор K" деген псевдоним менен маек курган. Анда Британияга коркунуч "Орусиянын иш-аракеттеринен" болорун жана Кытай өз өлкөсү үчүн “бир учурда ири мүмкүнчүлүк жана чоң коркунуч” экенин белгилеген.
Британиянын MI6 кызматы Британиянын өкмөтүнө карайт жана өлкөнүн тышкы чалгын иштерине жооп берет. (AiA)
Шерине