Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

Соңку аптада автоунааны мас абалда айдаган 200дөй айдоочу кармалды


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 2-июндан 8-июнга чейинки аралыкта 22 миң 981 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 9-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинде тийиштүү документтери жок автоунаа башкаргандар 709, мас абалында унаа башкаргандар 233, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 116.

Мындан сырткары жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 496, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуулар 3 983, ээнбаштык фактылары 7, белгиленген ылдамдыктан ашуу фактылары 4 251 жана жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу фактылары 6. Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 10 529 учур.

Бул эреже бузуулардын ичинен 2 651 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы өлкөдө 7 101 жол кырсыгы катталган. Андан 743 адам каза болуп, дагы 10 миңден ашык киши жаракат алган.

2025-жылдын башынан март айына чейин 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG