Эдвард Сноуден - Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери. "Система" борбору анын ИСНин (салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номуру) изилдеп, эми ал расмий түрдө Орусиянын салык резиденти экенин, Подмосковье аймагындагы Люберцы шаарында катталганын аныктап чыкты.
Иликтөөдө айтылгандай, Сноудендин номурундагы алгачкы төрт сан – 5027 – Орусиянын Федералдык салык кызматынын Люберцыда жайгашкан Москва облусу боюнча район аралык №17 инспекциясына таандык, демек, дал ушул шаар анын фискалдык каттоого турган жери болуп калган. Ушул эле инспекция коңшу Дзержинский, Котельники жана Лыткарино шаардык округдарын тейлейт.
Сноуден АКШнын атайын кызматтары жүргүзгөн жапырт тыңшоо жана аңдуу тууралуу жашыруун документтерди журналисттердин колуна өткөрүп берген окуядан кийин, 2013-жылы Орусияга барган. Ал жактан алгач убактылуу башкалка алган, кийин ага жашап турууга уруксат кагазы берилип, 2022-жылдын сентябрь айында орус президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен ал орус жарандыгына ээ болгон. 2023-жылы Сноуден колуна орусиялык паспорт алууга жетишкен.
"Система" аныктап чыккандай, Орусиянын Федералдык салык кызматынын ачык базасындагы маалыматка ылайык, Сноудендин салык номуру анык жана анда жазылган аты-жөнү, туулган датасы толук дал келет. Сот аткаруучулардын федералдык кызматынын ачык базасына кирсек ушул номур менен катталган салык төлөөчүнүн карызы же салынган айыппулу жок экенин көрө алабыз.
ИСН деген эмне, аны кантип алышат?
ИСН (орусчасы ИНН - ред.)— Орусияда салык төлөөчүнүн жеке номуру. Жарандардын номуру 12 сандан турат. Ал автоматтык түрдө түзүлөт: жаңы төрөлгөндөргө ЖААК (Жарандык абалдын актыларын каттоо, орусчасы ЗАГС - ред.) маалыматы аркылуу, ал эми орус паспортун алгандарга Ички иштер министрлигинин маалыматынын негизинде. Чет элдиктер жана орус жарандыгы жок адамдарга ИСН алар Орусиянын аймагында салык төлөөгө макулдугун билдирип, арыз менен кайрылса берилет. Мындай эреже Орусиянын Салык кодексинин 83-беренесинде жазылган.
ИСН аркылуу салык төлөөчү кайсы аймакты тейлеген салык инспекциясына караштуу экенин билсе болот, номурундагы баштапкы төрт сан ошол аймакка тийиштүү каттоо белгиси.
Сноуденди Люберцы менен дагы эмне байланыштырат?
Сноуден өзү да, анын жубайы Линдси Миллс да Орусиянын кайсы жеринде жашап жатканын эч качан ачык айтышкан эмес. Бирок Линдси Миллстин Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөттөрүнөн, постторунан жубайлар кайсы жактарга барып турарын билсе болот.
2018-жылы Миллс Люберцы шаарынан бир нече чакырым аралыктагы Люблино токой паркында сүрөткө түшүп, Инстаграм баракчасына чыгарган. Ушул эле парктан анча алыс эмес жердеги "Волжская" метросунун жанындагы дагы бир сүрөт 2016-жылы жарыяланган. Сүрөттөрдө ал ар башка кийинип турат, демек, бул фотолор ар кайсы убакта тартылган деген тыянакка келсе болот.
Люберцы – Подмосковьедеги, Орусиянын борбор калаасы Москванын түштүк-чыгышындагы Люберцы округунун административдик борбору. Советтер Союзу учурунда бул калаа өнөр жай ишканалары, панелдик курулуштары, бир нече кабаттуу эски үйлөрү жана 1980-1990-жылдары "бандиттик шаарча" деген аталышы менен таанылган. Бүгүнү күндө Люберцы – көп кабаттуу үйлөр жыш курулган аймак.
Люберцы шаары орус президенти Владимир Путиндин жакшы көрүп уккан эстрадалык тобу "Любэнин" "кичи мекени", калаада ага арналган атайын эстелик да бар (сүрөтү макаланын башындагы коллажда колдонулган).
Англис тилдүү өлкөлөрдөн барып отурукташып калган мигранттар үчүн Люберцы шаары анча деле көп тандоого татыган аймак эмес. 2010-жылдары анын түндүк тарабындагы Реутово шаарында ирландиялык электрондук музыкант Aphex Twin жашаган. Мурдагы америкалык балбан Жефф Монсон өз убагында Красногорск шаарында депутат болуп шайланган. Бул калаа Москванын түндүк-батышында жайгашкан, ал жактан үй-мүлк сатып алуу анча кымбатка турбайт деле.
Монсондун ИСНи 5024 деген сандар менен башталат, бул Красногорск шаарына таандык деген белги.
Сноудендин жубайы Линдси Миллс жана анын адвокаты Анатолий Кучерена "Системанын" суроолоруна жооп беришкен жок.
Макаланын авторлору Сергей Добрынин, Андрей Сошников, "Система" долбоору жана "Свобода" радиосу.
Шерине