Тбилисиде оппозициялык дагы бир саясатчы, “Ахали” партиясынын жана “Өзгөрүүлөр үчүн” коалициясынын лидери Ника Мелия камакка алынды. Ушул эле күнкү сотто анын баш коргоо чарасын өзгөртүү жана камакка алуу каралмак.
Грузиянын Ички иштер министрлиги Мелия административдик кодекстин "кызматтык милдетин аткарып жаткан тартип коргоо органдарынын кызмактерлерине акаарат келтирүү же кемсинтүү" беренеси менен кармалганын билдирди.
Адвокат Георгий Кондахишвили саясатчы эмне себептен кармалганы "таптакыр түшүнксүз” экенин, кармоо учурунда күч колдонулганын айтты.
Мурдагы президент Саломе Зурабишвили «орусиячыл» режим куугунтукту күчөтүп жатканын, бирок өз бийлигин жана элдин ишенимин бекемдей албаганын” жазды.
29-майда Мелиянын парламенттик тергөө комиссиясына барбай койгону сотто каралмак, бирок кийинки күнгө которулган.
Бир нече күндөн кийин анын комиссияга барбай коюшуна байланыштуу салынган айып пул төлөө мөөнөтү соңуна чыгат.
Буга чейин ушундай эле айып менен оппозициялык саясатчылар Зураб Жапаридзе жана Ираклий Окруашвили кармалган.
Шерине