Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Ставрополдо Украинадагы согушка катышкан вице-мэр жардыруудан каза тапты


Заур Гурциев
Заур Гурциев

Орусиянын Ставрополь шаарында турак жайдын короосунда болгон жарылуудан мэрдин орун басары Заур Гурциев жана дагы бир киши набыт болду. 34 жаштагы Гурциев кызматка Украинадагы согушка катышкан ветерандарды иш менен камсыз кылуу боюнча «Баатырлар мезгили» программасынын алкагында дайындалган.

Baza телеграм-каналы жазганына караганда, тергөөчүлөр жардыргыч зат экинчи киши - 29 жаштагы Никита Пеньковдун жанында болчу деп эсептешет.

Shot телеграм-каналы граната жарылган болушу мүмкүн деп маалымдады. Анын жуп алдында, күбөлөр айтып бергендей, экөө короодо спирт ичимдиктерин ичип отурган.

"Эки жана андан көп кишиги өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иш козголгону маалымдалды.

Губернатор Владимир Владимиров аткаминердин каза тапканын бышыктап, бир нече версия, анын ичинде Украина тараптан "кол салуу" каралып жатканын кошумчалады.

Майор Гурциев авиацияны башкаруу штабынын башчысы болчу. «Баатырлар мезгили» программасынын сайтында ал Мариуполь шаарын алуу операциясын абадан тескөө жагына жооп бергени айтылат. Маалыматка караганда, ракеталарды бутага таамай атуу технологияларына өз ыкмаларын киргизген. Андан тышкары Авдеевка үчүн салгылашууларга катышкан.

Гурциев бир нече мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

Мариуполдогу кармаштарда жүздөгөн турак үйлөр менен жарандык жайлар талкаланган. Орусия шаарга "абадан туш келди сокку урган" деген айыптоолорду четке кагууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG