Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Экономика министрлиги цементти социалдык маанилүү товарлардын катарына кошууну сунуштады


Кыргызстандагы цемент заводдорунун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы цемент заводдорунун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги социалдык маанилүү товарлар тууралуу өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизип, ага цементти кошууну сунуштады.

Буга байланыштуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте цементтин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүү жана анын жол-жобосу каралган.

"Азыркы учурда социалдык маанилүү товарлардын тизмесине цемент кирген эмес. Цементтин баасына көзөмөлдүн жоктугунан улам баасы кымбаттап, ал өз кезегинде курулушка таасир этти. Мамлекеттик көзөмөлсүз олку-солку баа "кызыл кулактыкка" дагы алып келиши мүмкүн. Ошондой эле цемент таңкыстыгы, ага суроо-талаптын дагы жогорулашы, баалардын дагы өсүшү өңдүү коркунуч жаратат",-деп жазылган маалыматта.

Соңку айларда Кыргызстанда цемент кескин кымбаттап, таңкыстык жаралды. Аталган министрлик өндүрүлгөн цементтин негизги бөлүгү ири кардарларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүлүп жатканын белгилеп, көйгөй бар экенин ырастаган.

Кырдаалга байланыштуу Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмдөрү жер-жерлерде сатуучуларга негизсиз баа көтөрүүнү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Кыргызстанда цементтин баасы кымбаттап кеткени жана жетишсиз болуп жатканы байма-бай айтылып жатат.



Шерине

XS
SM
MD
LG