АКШда Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчысы, милилардер Илон Маск президенттик администрациядагы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жатканын айтты.
Ал өзүнүн Х социалдык тармагы аркылуу мындан улам Ак үйдүн башчысы Дональд Трампка ыраазычылык билдирди.
"DOGE департаментинин миссиясы убакыттын өтүшү менен дагы деле бекемделе берет, анткени ал мамлекеттик бийликтеги бардык органдардын жашоо образы болуп калат",-деп жазды Маск.
Мунун алдында Маск CBS телеканалына курган маегинде Трамптын салык жана бюджетке байланыштуу президент өзү "чоң жана кооз" деп сыпаттаган мыйзамына көңүлү толбогонун билдирген. Бул документ анын чыгымдарды азайтуу аракетине кедергисин тийгизип, бюджеттик дефициттин өсүшүнө алып келерин белгилеген.
Өткөн айдын башында Tesla жана SpaceX компанияларын жетектеген Маск убактылуу мамлпекеттик кызматкер катары 130 күндүк мөөнөтү аяктагандан кийин, май айынын соңунда бизнеске кайтарын билдирген.
Трамп жыл башында ант кармап кызматка киришкенден кийин дароо эле чыгымдарды азайтып, бюрократияны жоет деген максатта DOGE түзүлгөн жана ошондон бери мамлекеттик кызматтардан он миңдеген адам иштен алынган, бир катар агенттиктер, мекемелер жоюлган жана бул талаш-талкуу жаратып, соттошууларга жол ачкан.
Шерине