Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Еврошаркет Сирияга салынган санкцияларды алды


АКШ Сириянын экономикасына салган санкциялар алынарын жарыялаганда Дамаскинин тургундары майрамдап жатат, 13-май. 2025-жыл.
АКШ Сириянын экономикасына салган санкциялар алынарын жарыялаганда Дамаскинин тургундары майрамдап жатат, 13-май. 2025-жыл.

Еврошаркет Сирияга салынган санкцияларды алды. Биримдиктин сайтындагы маалыматка ылайык, жазалоочу чаралар мамлекеттен, банк, маанилүү ишканалардан жана медиадан алынды.

Ошол эле маалда Брюссель мурдагы президент Башар Асаддын режими менен байланыштары бар деген адамдар менен компанияларга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти. Алсак, анын тушунда армияда кызмат өтөгөн полковник же андан өйдөкү чиндеги офицерлер, 2011-2014-жылдары атайын кызматта иштегендер, ошол маалдагы министрлер, Асаддын жана таасирдүү Махлуф үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү туш болушу мүмкүн.

Евробиримдик Сириядан санкцияларды алуу планын 20-майда жарыялаган. Блоктун башкы дипломаты Кая Каллас бул кадам менен “сириялыктарга жаңы, инклюзивдүү жана бейпил өлкө курууга” жардам берүүнү көздөшкөнүн айтты.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын экономикасына каршы киргизилген санкциялар алынарын билдирген жана мындай чаралар маанилүү функцияны аткарганын, эми өлкөнүн илгерилөөсүнө убакыт келгенин белгилеген.

Сирияны 25 жылдай башкарып, былтыр декбарда бийликтен кулатылган Башар Асаддын диктатордук режими тушунда Вашингтон Дамаскиге каршы катаал санкцияларды киргизген. Жыйынтыгында өлкө глобалдык финансылык системадан кесилип калган, чет өлкөлөрдөн инвестиция салынбай, соода үзгүлтүккө учураган. Бул өз кезегинде 13 жылга созулган жарандык согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине тоскоолдук жаратып келди.

Асад былтыр 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунан улам бийлигин таштап, Москвага качкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG