БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөткөн агенттигинин (UNRWA) жетекчиси Филипп Лазарини Израилдин Газада гуманитардык жардам таратуу моделин сындап, аны "мыкаачылыктан алаксытуу амалы" деп сыпаттады.
27-майда миңдеген палестиналык Израилдин көзөмөлүндөгү Рафах шаарында жардамды бөлүштүрүү пунктуна агылып, километрлеген кезек пайда болгон. Социалдык тармактардагы видеолордон көрүнүп тургандай, кийин ачка адамдар бири-бирин түртүп, темир тосмону жырып, мушташ, башаламандык тутанган.
АКШ жана Израилдин колдоосу менен негизделген Газага жардам берүү фондунун (GHF) кызматкерлери азык-түлүктү таштап, чегинүүгө аргасыз болгон.
Лазарининин пикиринде, Израил сунуш кылган модель гуманитардык принциптерге, коопсуздук нормаларына төп келбейт, адамдын ар-намысына шек келтирет.
БУУнун өкүлү мындай ыкма ресурстарды текке кетирет деп эсептейт.
Рейтер агенттиги Газанын Саламаттыкты сактоо мекемесине таянып жазганы боюнча, марттын ортосунда үзгүлтүккө учураган убактылуу жарашуудан бери анклавда 4 миңге чукул киши каза тапты.
Израил Газадагы согуштук аракеттери ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобун бутага алганын, согушкерлер карапайым адамдарды калкан кылып колдонгонун айтып келет. Хамасчылар муну четке кагууда.
Ошол эле марттан бери Израил гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилкени блокадада калтырган.
Азык-түлүк, дары-дармек, башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн машиналар бир жумадай мурун эле Газага өткөрүлө баштады. Эл аралык кайрымдуулук уюмдары ачарчылык коркунучуна кептелген аймак үчүн жардамдын көлөмү жетишсиз экенин айтышат.
GHF блокада алынгандан бери 462 миң кутуча тамак таратылганын билдирди.
Тилкедеги согуш мындан 600 күн мурун, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.
Барымтадагылардын көбү сүйлөшүүлөрдүн, туткун айырбаштоо макулдашууларынын негизинде бошотулган. Израил армиясынын болжолдуу санагына ылайык, ХАМАСтын колунда ушу тапта 50 чакты киши кала берүүдө, алардын 21и гана аман.
Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 54 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Шерине