Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Алматы шаарынын соту журналист Темирлан Еңсебектин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды


Темирлан Еңсебек
Темирлан Еңсебек

27-майда Алматы шаарынын соту Qaznews24 сатирикалык басылмасынын мурдагы редактору Темирлан Еңсебектин апелляциясын карап, өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

WhatsApp аркылуу өткөн отурумда прокурор журналистке 5 жыл бою коомдук жана саясий ишмердик менен алектенүүгө тыюу салган берене менен айып кошууну сурады.

Адвокат Жанар Балгабаева биринчи инстанциядагы сот кетирген каталарга көңүл бурду. Атап айтканда, кылмыш иши үч күндүн ичинде каралган, күбөлөрдү суракка алуу, айыпталуучунун акыркы сөзүн угуу жана өкүм бир күндө болгон. Адвокат аларга далилдерди берүүгө убакыт берилбегенин айтты.

11-апрелде Алматынын Наурызбай райондук соту Еңсебекти "Улут аралык жана диний кастыкты козуткан" деген айып менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ага журналисттик ишмердүүлүккө, конференцияларга катышууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, онлайн платформаларга жарыялоого, маек берүүгө тыюу салынган. Мындан тышкары, митингдерге катышууга, иш таштоого, коомдук уюмдарга кирүүгө, кайрымдуулук жана укук коргоо иштерине катышууга, ар кандай формада тренингдерди жана лекцияларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Сот Еңсебектин ноутбугун жана телефонун конфискациялап, аны 78 миң теңге (150 доллар) айыппул төлөөгө, жумушка орношууга милдеттендирди. Эгер бул талап аткарылбаса коомдук иштерге тартылат.

Еңсебек 17-январда камалган жана үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын адвокаты социалдык тармактарга байкоо салган полиция кызматкеринин арызынын негизинде активистке карата териштирүү башталганын билдирген.

Еңсебек акарат сөздөр камтылган "Йоу, орыстар" деген ыры үчүн тергөөгө алынган. Сатиралык пост орусиялык теле алып баруучу Тина Канделакинин Казакстанда орус тили кодулоого туш болууда деген сөздөрүнө жооп катары жазылган. Ырга Казакстанда тыюу салынган эмес.

Темирлан Еңсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигин Еңсебекти камактан бошотууга жана ага коюлган айыптарды алып салууга чакырышкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG