Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

ЖК: социалдык ипотекага кезек жай жылып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү


Бишкектеги ипотекалык батирлерди тапшыруу салтанаты. 2025-жылдын 11-апрели.
Бишкектеги ипотекалык батирлерди тапшыруу салтанаты. 2025-жылдын 11-апрели.

Жогорку Кеңештин 28-жыйынында депутат Айсулуу Мамашева социалдык ипотекага кезекке тургандардын маселесин көтөрдү. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жаатта нааразылык көп экенин, акыйкатсыздык болуп жатканын айтты. Айрыкча оорукчан балдарын баккан үй-бүлөлөр там-таштан мукурап турганын белгиледи.

"Тилекке каршы, социалдык ипотекага кезек эч эле жылбай койду. Дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз, майыптыгы бар жарандарыбыз, майып балдары бар ата-энелер эч эле ипотекага жетпей койду. Бир эле мисал, апрелде президенттин катышуусу менен 476 батир берилди. Өзгөчө балдары бар апалар жылдын башынан баштап бул кезектен болгону 30 эле адам жылды деп айтып жатышат. Ошол комплекстеги батирлердин 10% 47 батир болот. Ошол 47 батир социалдык кезек менен берилиши керек болчу. Мен муну акыйкат эмес, таза эмес деп ойлойм. Чындап муктаж болгон жарандарыбыз үй ала албай жатат. Бизге азыр көптөгөн адамдар арызданып жатышат. Социалдык кезеги келгенде өзгөчө баласы бар бир апаны ал Бишкекте жашап, Бишкекте иштесе деле баласын бул жактагы реабилитациялык борборлорго алып барып жүрсө деле "силер Токмокто каттоодо турат экенсиңер, ипотеканы ошол жерден аласыңар" деп ошол жакка жаңыдан кезекке коюшуптур. Акыйкаттык деген кайда?",-деди Мамашева.

Парламент жыйынында Алмасбек Абытов бул суроого жооп берген жок. Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) дагы азырынча түшүндүрмө бере элек.

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Элдар Абакиров МИКте мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү керектигин билдирген. Ал 50% дароо төлөп ипотекадан батир алып жаткандардын айынан бул кызматкерлерге кезек тийбей, батир алууда кыйналып жатышканын айтып, Абытовго кайрылган.

Анда МИК программада көрсөтүлгөн ченемдер менен гана иштеп жатканын белгилеп, кимдир бирөөнүн кезегин жылдыруу мүмкүн эместигин билдирген.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда МИК курган батирлерди кезекке туруп алуу жеңилдегенин айткан. Мамлекеттик иште иштегендерге 4%, ал эми жеке жактарга 8% чейин төмөндөгөнүн, алдын ала төлөмү жок 25 жылга бериле баштаганын белгилеген.


Жапаров 11-апрелде Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектине тургузулган ипотекалык батирлерди ээлерине тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө буга чейин бир эле вариант - 14% насыя менен, алдын ала батир акчасынын 30% төлөп, калганын он жылда төлөө шарты болгонун белгилеген. Ошондой эле батир акысын алдын ала 50% төлөп алган жарандар МИК аркылуу бир жолу гана үйлүү боло алышарын эскерткен.

Учурда “Менин үйүм” программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында мамлекеттик ипотека аркылуу көп батирлүү турак жайлар курулуп жатканы айтылган. Ага ылайык, жалпысынан 60 миңден ашуун батир салынмакчы.


Шерине

XS
SM
MD
LG