Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга шек саналып камалды


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош шаарынын мурдагы мэри, Баткен облусунун тургуну И.Ж коррупцияга жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалганын билдирди. Анын аракеттеринен өлкө казынасы 72 миллион сомдон ашык зыянга учураганын, анын орду толугу менен толтурулганын маалымдады.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтүнүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилгени аныкталган. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак, үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү укугу жок болгон. Бирок Ош шаарынын ошол убактагы мэри И.Ж. мыйзамсыз токтомдорды чыгарып, анын натыйжасында жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүлүп берилген. Бул аймакта кийин мейманкана курулган. Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 009 000 сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган. Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине өттү",-деп жазылган маалыматта.

Айрым маалымат каражаттары кармалган адам Жумадыл Исаков экенин айтып жатышат. Ал Ош шаарынын мэри болуп Курманбек Бакиев президент болуп турганда, 2005-2009-жылдары иштеген.

Анын жакындары жана жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG