Президент Садыр Жапаров 28-майда күч түзүмдөрүнүн чек араны коргоп жатып набыт болгон 55 кызматкерине "Ата Мекен Баатыры" деген наам берди.
Мындай даражаны тапшыруу иш-чарасына маркумдардын жакындары катышты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров чек ара үчүн жанын аябагандардын эрдиги унутулбасын айтты.
"Чек арачылар күнүндө "Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн өз күчүмдү, эгерде керек болсо өмүрүмдү да аябайм!" деп берген антына бек туруп, баатырларча курман болгон биздин күч түзүмдөрүбүздүн кызматкерлерин ыраазычылык менен эскерип жатабыз. Чек арабызда болуп өткөн терс окуялардан жабыр тарткан ар бир үй-бүлөнүн муктаждыктарын мамлекет өз убагында чечти. Материалдык жардам көрсөтүлүп, тиешелүү компенсациялар толук төлөндү. Жабыркаган турак жайлар кыска мөөнөттө калыбына келтирилип, жаңы үйлөр пайдаланууга берилди",-деген Жапаров.
Ушул эле күнү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде президент баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелдин ачылыш аземи өттү.
Кыргызстандын эгемен тарыхында коңшу мамлекеттер менен чек арасында адам өлүмү менен аяктаган бир нече жаңжал, куралдуу кагылыштар болгон.
Шерине