Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Зеленский Трамп жана Путин менен үч тараптуу жолугушууга даярдыгын билдирди


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын жана Орусиянын мамлекет башчылары менен үч тараптуу жолугушууга даярдыгын билдирди.

«РБК-Украина» маалымдагандай, бардык тараптар андай макулдук тууралуу кабардар кылынды.

«Биз «Трамп-Путин-мен» форматына даярбыз, «Трамп-Путин», «Трамп-Зеленский» андан кийин үч тараптуу кездешүүгө даярбыз. Чачыранды эмес бир эле убакытта жүргөн сүйлөшүүлөрдү айтып жатам», - деп билдирди украин президенти.

Ал ошондой эле Киев Ватикандагы же Швейцариядагы техникалык жолугушууларга даяр экенин белгиледи.

«Жогорку деңгээлдеги жолугушуу, тараптар кааласа, алдын ала даярдыксыз деле өтүшү мүмкүн» - деп кошумчалады Зеленский.

Ал эми коопсуздук кепилдиктери тууралуу сүйлөшүүлөргө европалыктардын да катышуусун кааларын айтты.

Президенттин дагы бир комментарийине ылайык, Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүн Беларуста уюштурууну сунуш кылган, бирок ал өлкө Орусиянын 2022-жылкы кол салуусуна катышкандыктан Киев аны кабыл албайт.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы тууралуу “эң жакынкы арада кабарланарын” 28-майда билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Лавров Москва Украинадан мурдагыдай эле “бардык дискриминациялык мыйзамдардын” жоюлушун, өлкөнүн ядролук куралга ээ болбошун талап кыларын айтты.

Шейшембиде Ак үйдүн атайын чабарманы Кит Келлог Трамп, Путин жана Зеленскийдин кездешүүсү Женевада өтүшү ыктымал деп билдирген. Дипломаттын айтымында, Украина ок атууну токтотуу шарттары камтылган документти тапшырды, эми орус тараптан ушундай эле меморандум күтүлүп жатат.

16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан бери алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG