Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

ЖК: бийик тоолуу аймактар тизмесинен 61 конушту чыгаруу тууралуу токтом долбоору күн тартибинен алынды


Нарын облусундагы айылдардын бири, архивдик сүрөт.
Нарын облусундагы айылдардын бири, архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш 28-майдагы жыйынында өкмөттүн "Бийик тоолуу зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун карап, талаш-талкуудан кийин ал күн тартибинен алынды.

Айрым депутаттар тоолуу, шарты катаал бир катар кыштактар бул тизмеден чыгып калганын айтып, жергиликтүү тургундар нааразы болуп жатканын билдиришти. Ошондуктан тизмени дагы бир сыйра тактап, карап чыгуу үчүн күн тартибинен алынды, кийинки жумага калды.

Буга чейин документти парламенттин эки комитети жактырган.

Токтомдун долбоору тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат берген. Анда деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору деп аныкталган 31 жаңы калктуу конуш киргизилгенин, ошол эле маалда 61 калктуу конушту тизмеден чыгаруу сунушталып жатканын кабарлаган.

Кыргызстанда бийик тоолуу, шарты катаал аймактарда жашагандарга бир катар жеңилдиктер каралган.

Өлкөдө айрым айылдар бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирбей калганына байланыштуу жана бул тизмеден чыгарууга аракет жасалап жатканын улам нааразылык дагы айтылып келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG