Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Орусия Украина эң масштабдуу сокку урганын билдирди


Курскиге урулган соккунун кесепети. 15-апрель 2025-жыл.
Курскиге урулган соккунун кесепети. 15-апрель 2025-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги 28-майга караган түнү 269 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, бул согуш башталгандан берки эң масштабдуу чабуул болушу мүмкүн. Мекеме абадан коргонуу системалары 13 региондо иштегенин кошумчалады.

Бирок канча пилотсуз учак катышканы, канчасы бутага тийгени айтылган жок. Кээ бир кабарларга ылайык, Орусиянын аскердик өнөр жай комплексинин ишканалары зыян тарткан учурлар бар.

Соккулардын бири Москванын Зеленоград районунда электроника чыгарган «Элма» компаниясы орун алган технопаркка урулду. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Баш калаанын жанындагы Дубна шаарында дрон чыгарган «Кронштадт» заводу бутага алынганын Astra телеграм-каналы жазды.

Подмосковьеде үч турак жайга зыян келтирилди. Внуково, Домодедово, Жуковский жана Шереметьево аэропортторунун иши бир нече убакытка үзгүлтүккө учурады.

Чабуулдарга Калуга, Брянск облустары да кабылганын жергиликтүү бийликтер маалымдады.

Киев түнкү соккуларды комментарийлеген жок.

Алдыңкы күнү кечки теле кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Москва Украинага май айында урган жапырт дрон соккулары үчүн жооп берүүгө тийиш деп билдирди.

Өз кезегинде Орусия шаршембиге оогон түнү украин аймагын 88 пилотсуз учак менен аткылаганын Украинанын Абадан коргоо күчтөрү эртең менен маалымдады. Аскерлер 71 жабдык атып түшүрүлгөнүн же өз алдынча кулаганын кошумчалашты.

Кабарларга караганда, дрондор 8 жерде түрдүү жайларга тийген. Бирок анын чоо-жайы айтылган жок. Дрондордон тышкары Украина баллистикалык жана башкарылган канаттуу ракеталардын аткылоосуна туш болду.

Москва бул соккуларды комментарийлеген жок.

Бир жумадан бери Орусия кошуна өлкөсүнүн шаар-кыштактарына чабуулдарын күчөтүп, өткөн дүйшөмбүнүн түнүндө 355 пилотсуз учак менен аткылаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG