Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Акыйкатчы институту аскерге чакырылган балдардын башкы жайынын шарты начар экенин билдирди


Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.
Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.

Акыйкатчы институту Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн армияга чакырылган балдардын Республикалык топтоо пунктунун шартын текшерди. Анда казарма бөлүктөрүнүн, жуунчу бөлмөлөрдүн, дааратканалардын жана ашканалардын абалы абдан начар экени аныкталганын билдирди.

"Институттун кызматкерлери барганда Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылган 50дөн ашуун жигит болгон. Мониторингдин жыйынтыгында санитардык-гигиеналык шарттар өтө начар абалда экени аныкталды. Уставга ылайык ар бир 15–20 адамга бир душ бөлмөсү, ар бир 5–7 адамга бир кол жуучу жер болуусу шарт. Бирок топтоо пунктунун аймагында болгону төрт гана кол жуучу жер жана бир душ бөлмөсү болгон. Санитардык жабдуулар эскирген, оңдоого муктаж. Даараткана сыртта жайгашкан, санитардык талапка, уставга жооп бербейт. Гигиеналык талаптардын сакталбаганы аскер кызматкерлеринин жана жоокерлердин саламаттыгына зыян келтириши толук ыктымал. Ал эми коопсуздук жана видеокөзөмөл жаатында да көйгөйлөр бар. Алсак, казарманын ичинде жарык жетишсиз, айрым бөлүктөрүндө лампалар иштебейт. Видеобайкоо чектелүү гана аймактарды камтыйт. Бул тартип бузууларга жана уставдык эмес мамилеге жол ачышы мүмкүн",-деп жазылган маалыматта.


Мындан улам акыйкатчы Жамила Жаманбаева аныкталган кемчиликтерге, укук бузууларга байланыштуу Коргоо министрлигине сунуштама жөнөтүп, аларды жоюуга чакырды. Акыйкатчы армиядагы жоокерлердин укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл буруп, көз салууну улантарын айтты.

Коргоо министрлиги Акыйкатчы институнун мындай билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Азыркы бийлик кыргыз армиясына каражатты көбөйтүп, шартын оңдоп, өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирип келет.

Өткөн аптада коргоо министри болуп Руслан Мукамбетов дайындалган. Ал ага чейин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабын жетектеген. Мурдагы министр Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына барган.

Шерине

XS
SM
MD
LG