2025-жылдагы "Шаарлардын дүйнөлүк индексинде" Бишкек 498-орунду алып, былтыркы көрсөткүчтөн 60 орунга артка кетти. Маалымат Oxford Economics уюмунун быйылкы баяндамасында камтылган.
2024-жылдагы рейтингде Бишкек 438-орунда турган.
Мындай көрсөткүч менен Бишкек дүйнөдөгү 1000 шаардын арасында орто ченде турат. Индекс 5 көрсөткүч менен бааланган: экономика, адам капиталы, жашоо сапаты, айлана-чөйрө жана башкаруу.
Былтыркыга караганда экономикалык, адам капиталы жана жашоо сапаты боюнча абал бир кыйла начарлаган. Айлана-чөйрө жана башкаруу сапаты бир аз жакшырган.
Көрсөткүчтөр | Index-2025 алган орду | Index-2024 алган орду |
Жалпы рейтинг | 498 | 438 |
Экономика | 477 | 444 |
Адам капиталы | 207 | 203 |
Жашоо сапаты | 667 | 517 |
Айлана-чөйрө | 688 | 710 |
Башкаруу | 841 | 843 |
Рейтингге катышкан борборазиялык шаарлардан Алматы 258-орунда, Астана 276-орунда, Ташкент 471-орунда, Шымкент 534-орунда, Ашхабад 623-орунда, ал эми Дүйшөмбү 683-орунда турушат.
Былтыртан бери Борбор Азияда Бишкек, Ташкент жана Шымкенттен башка шаарлар көрсөткүчүн бир кыйла жакшыртышкан.
Борбор Азиядагы шаарлар | Index-2024 алган орду | Index-2025 алган орду |
Алматы | 260 | 258 |
Астана | 289 | 276 |
Ташкент | 468 | 471 |
Бишкек | 438 | 498 |
Шымкент | 482 | 534 |
Ашхабад | 673 | 623 |
Дүйшөмбү | 725 | 683 |
Oxford Economics – эл аралык ири көз карандысыз экономикалык уюм. Анын ишмердиги дүйнөнүн 200 өлкөсүн, 8000 шаар жана аймактарын, жүздөн ашуун өндүрүштүк тармактарды камтып, кардарларына аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү бизнес чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт. Институт жыл сайын дүйнөнүн 1000 шаарын беш көрсөткүч (экономика, адам капиталы, жашоо сапаты, айлана-чөйрө жана башкаруу) боюнча изилдеп, эл аралык рейтинг жарыялап турат. Бул рейтингге Борбор Азиядан 7 шаар катышат.
Бишкек мэриясы бул эл аралык индекстин корутундусу боюнча азырынча комментарий бере элек. Шаар башкармалыгынын сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы Бишкектин бардык экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча өсүү катталган. Январь-декабрь айларында шаардагы ишканалар өндүргөн продукция 88,8 млрд сом түзгөн, бул 2023-жылга салыштырганда 20,6 млрд сомго көп.
Шерине